«Түндүк-Чыгыш» бажысы 9.3 млн сомдук укук бузуу ишин аныктады

«Түндүк-Чыгыш» бажысы 9.3 млн сомдук укук бузуу ишин аныктады

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери 9.3 млн сомдук бажылык укук бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери «Г.К.П.З.» ЖЧКсы 2017-жылдын июнунан 2021-жылдын март айын кошуп ар түрдүү техниканы жана транспорт каражаттарын КНСти төлөөдөн бошотуу менен бажылык жактан негизги каражаттар катары таризделгенин аныкташты.

Техниканы жана транспорт каражаттарды максаттуу колдонууга карата текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө, жогоруда аталган ЖЧК 01.01.2022-жылдан тарта өз ишмердигин токтотуп, бажы декларациясын тиешелүү түрдө оңдобостон жана бажыга байланыштуу төлөмдөрдү төлөбөстөн жокко чыгаруу процедурасын баштаганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бошотулган КНСтин жалпы суммасы 9.3 млн сомду түздү. Бул факт ББР МЭЖ АМСта катталып, КР мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн материалдар Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген

Мындан тышкары окуңуз

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Моминов көчөсүндө курулуп жаткан 5 кабаттуу кеңсе имаратына кайрадан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук талаптары бузулганы аныкталды. Тактап айтканда, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолордун жоктугу аныкталып, жакын жайгашкан турак

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

Оштогу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер таштандыларды тушкелди таштоого жол бербөө, өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатын көздөйт. Министрликтин Ош регионалдык

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Манас шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жетекчилер алгач Балдар чыгармачылык борбору жана Жаштар борборунун абалын көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мындан тышкары, мурдагы темир жолдун ордуна