Жерүйдөгү италиялык Diemme Filtration жабдууларынын тетиктери эми Кыргызстанда чыгарылат

Жерүйдөгү италиялык Diemme Filtration жабдууларынын тетиктери эми Кыргызстанда чыгарылат

Жерүй алтын кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» компаниясы кендеги италиялык Diemme Filtration компаниясынын жабдууларынын тетиктерин «Дастан» ТНК ААКтын филиалынын базасында чыгарат. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жерүй кениндеги алтынды бөлүп чыгаруучу фабриканын жабдуулары мезгил-мезгили менен оңдолуп, жаңыланып турушу керек. Алыскы чет өлкөлөрдөн запастык тетиктерди сатып алуу жана жеткирүү маселеси акыркы убакта татаалдашкандыктан, «Альянс Алтын» компаниясы импортту алмаштыруу боюнча чараларды көрүүдө. Италиялык Diemme Filtration компаниясы чыгарган фильтр-пресстин 15тен ашык түрү эми Кыргызстанда чыгарылат», – деп айтылат ишкананын маалыматында.

«Альянс Алтын» КРнын өнөр жай ишканаларынын техникалык жактан жабдылышы жана бул тетиктерди чыгаруу үчүн квалификациялуу адистердин бар экендиги боюнча талдоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында «Дастан» ТНК ААК филиалдарынын бири – «Дастан-35» ишканасында аталган тетиктер чыгара ала тургандыгы аныкталган.

Алтынды бөлүп алуучу Жерүй фабрикасынын башкы механиги Мирлан Арзыкулов жана «Дастан-35» ишканасынын конструкторлору запастык бөлүктөргө жана резина буюмдарына долбоордук документтерди, жумушчу чиймелерди жана техникалык шарттарды иштеп чыгышкан. Жакында Diemme Filtration фильтр-прессин ишке киргизүүгө мүмкүндүк берген жаңы запастык бөлүктөрдүн биринчи партиясы чыккан.

«Альянс Алтын» мындан ары да импортту алмаштыруу менен алектенүүнү жана ата мекендик ишканалар менен эки тарапка тең пайдалуу шарттарда кызматташууну көздөп жатканын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

Оштогу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан көзөмөл жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер таштандыларды тушкелди таштоого жол бербөө, өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатын көздөйт. Министрликтин Ош регионалдык

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Манас шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жетекчилер алгач Балдар чыгармачылык борбору жана Жаштар борборунун абалын көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мындан тышкары, мурдагы темир жолдун ордуна

Бакай-Атада ишкер мөмө-жемиштерди сактап, чет өлкөгө экспорттоону көздөйт

Бакай-Атада ишкер мөмө-жемиштерди сактап, чет өлкөгө экспорттоону көздөйт

Талас облусунун Бакай-Ата районунда "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алгандардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Айыл чарба министрлигинии эл аралык долбооорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдиргендей, долбоордун адистери жеке ишкер Тунук Атакулованын мөмө-жемиш сактоочу кампасына барышты. Ишкер жеңилдетилген насыя алып, каражатка

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №10 түзөтүү колониясына жана Манас шаарындагы №53 тергөө абагына мониторинг жүргүздү. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, Медербек Усаров соттолгондор жана камактагылар менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алардын кайрылууларын укту. Маалыматка ылайык, айтылган маселелердин айрымдары боюнча