Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды
Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилген. Натыйжада, 2025-2026-жылдар аралыгында мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтирилген.
Башкы прокуратура билдиргендей, Жалал-Абад психиатриялык аймактык райондор аралык медико-социалдык эксперттик комиссиясынын жооптуу кызмат адамдары тиешелүү медициналык-социалдык экспертизаларды жүргүзбөстөн, маалыматтык система аркылуу жасалма маалымкаттарды түзүшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу