Автоунаалар, iPhone жана Бишкектен батир. Салык кызматынын лотереясына кантип катышса болот?

Автоунаалар, iPhone жана Бишкектен батир. Салык кызматынын лотереясына кантип катышса болот?

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереянын ишке киргизилгендигине байланыштуу Бишкекте ММК өкүлдөрүнүн катышуусу менен пресс-конференция уюштурду.

Жыйында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов Кыргызстанда 10-майдан тартып кызыктыруучу лотерея расмий түрдө ишке киргизилгендигин белгилеп, жарандарды ага активдүү катышууга чакырды.

«Лотереяга катышуу – баалуу байгелердин ээси болууга мүмкүнчүлүк берет. Салык кызматынын тарыхында бул калктын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга жана салык төлөөчүлөрдүн ККМ колдонуу тартибин контролдоого багытталган алгачкы чоң долбоор.  Чектер канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот», – деп белгиледи ал.

  • Автомобилдер, iPhone жана башка баалуу байгелер, ал эми башкы байге – Бишкектен батир ойнотулат.

Кыдыргычов лотереяга катышуу үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.

  • Утушка катышууну жана баалуу байгелердин ээси болууну каалагандар үчүн алгач Google play же AppStore аркылуу «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү керек.
  • Андан кийин товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу зарыл. Андан кийин мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү жетиштүү.
  • Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

Лотереянын негизги максаты – жарандарды кассалык чекти талап кылууга үндөө жана ал аркылуу калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналарын Салык кызматынын төрагасынын орун басары белгиледи.

Лотерея Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп, 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Утуш номерлерди тандоо лотереянын автоматташтырылган системасы аркылуу сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) аркылуу жүргүзүлөт.

Байгелердин биринчи туру 2022-жылдын 1-июлунда өткөрүлөт. Анда 2 автоунаа, 10 даана iPhone 13, 10 даана Samsung смартфону, 2 муздаткыч, 2 телевизор, 2 микротолкундуу меш, 2 кир жуугуч машина, 2 чаң соргуч, Ысык-Көлгө 5 жолдомо жана башка байгелер коюлат.

Экинчи тур 1-октябрга белгиленип, 1 автоунаа, 10 даана iPhone 13, 10 даана Samsung смартфону, 2 муздаткыч, 2 телевизор, 2 микротолкундуу меш, 2 кир жуугуч машина, 2 чаң соргуч жана башка байгелер ойнотулат.

Ал эми жыйынтыктоочу утуш 31-декабрда өткөрүлөт жана Бишкектен 1 бөлмөлүү батир, 1 автоунаа, 10 даана iPhone 13, 10 даана Samsung смартфону, 2 муздаткыч, 2 телевизор, 2 микротолкундуу меш, 2 кир жуугуч машина, 2 чаң соргуч жана башка байгелер өз бактылуу ээлерин күтөт.

Лотереяга 18 жаштан жогорку адамдар катыша алышарын белгилей кетүү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Н.Букуев Бакытбек Кадыралиевдин ордуна дайындалды. Букуев мурдаУлуттук окология жана гематология борборун жетектеп келген. Эске салсак, Нурбек Букуев Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Медет Букуевдин баласы.  Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө