Кыргызстанда бизнес үчүн этикалык кодекс киргизилет

Кыргызстанда бизнес үчүн этикалык кодекс киргизилет

2026-жылдын 18-ноябрында Экономика министрлиги ишкерлер үчүн Ишкердик этиканын типтүү кодексин киргизүү жана ак ниеттүү бизнес-чөйрөнү калыптандыруу боюнча тренинг өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чарага ишкерлер жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Анда Башкы прокуратуранын, президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү баяндамаларды жасашты.

Тренингде бизнестеги ачык-айкындуулукту жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана ишкердик этиканын типтүү кодексин колдонуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле ишкерлерге рейддик салык контролун жүргүзүү, салык карызын өндүрүү тартиби түшүндүрүлүп, "Салык төлөөчүнүн кабинети" электрондук сервистери тааныштырылды. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Белгилей кетсек, Ишкердик этиканын типтүү кодекси жана коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана азайтуу боюнча сунуштамалар Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген. Документтер сунуштама мүнөзүнө ээ болуп, компаниялардын ички эрежелерин иштеп чыгууда колдонулушу мүмкүн.

Тренинг 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө 453 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет

Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөр 12,2%га кымбаттады

Аялдардын бизнесин колдоодо БУУ менен келишим түзүлдү

Папан ГЭСинде деривациялык тоннелдин 800 метри казылды