Чет өлкөлүк университетте билим алууга мамлекет тарабынан берилчү стипендия 50 гана студентке берилет

Чет өлкөлүк университетте билим алууга мамлекет тарабынан берилчү стипендия 50 гана студентке берилет

Мамлекет чет өлкөлүк университетте билим алууга 50 студентти стипендия менен каржылайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында «Эл үмүтү» аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча Жарлыкка кол койгонун билдирди.

«Программада дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн жаштарыбыз үчүн атайын стипендиялар каралды. Стипендияны быйылтадан тартып бере баштабайбыз, азырынча 50 стипендияны бөлүштүрүп туралы деп чечтик. Стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш.

Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырсаңыздар болот, бирок, албетте, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнөт. Биз жаш окумуштуу-окутуучуларыбызды өзгөчө колдоого алалы деп жатабыз. Анткени алар студенттердин улам кийинки муунуна өз билимдери менен бөлүшүп турушат», – деп жазган Жапаров.

Ошондой эле ал президенттик стипендиянын жаңы программасынан сырткары, азыркы учурда өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу максаттуу келишимдерди иштеп чыгууга киришкенин кошумчалады.

Бирок аталган стипендия кайсы финансылык булактан каржыланаары тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

Мындан тышкары окуңуз

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этине коюлган баалар көзөмөлгө алынып, белгиленген баадан жогорулатпоо макулдашылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, эт саткан дүкөн ээлерине рейд жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары эт сатуучу жайларда баалар өзгөрбөйт. Кыргызстандын экономика, бизнес,

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын