Дүйнөлүк Банк КРнын билим берүү тармагына 25 млн доллар кайтарымсыз грант берет

Дүйнөлүк Банк КРнын билим берүү тармагына 25 млн доллар кайтарымсыз грант берет

Дүйнөлүк Банк КРнын билим берүү тармагын жакшыртууга 25 млн доллар кайтарымсыз грант берет. Бул тууралуу КРнын АКШдагы элчилиги билдирди.

6-майда Вашингтондо КРнын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев, Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган кыргыз ректорлордун делегациясы Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча программасынын башчысы Джумена менен жолугушту.

Жолугушууда Аманбаев билим жаатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалардын маанисин баса белгилеп, бул тармактын артыкчылыктуу делинген багыттарына көңүлүн буруп, аларды кандай жолдор менен өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Өз мезгилинде, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү «Келечек үчүн окутуу» долбоору тууралуу кеңири маалымат беришип, аталган программанын окуучунун жана мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, адам капиталын ар тараптуу жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө багытталганын белгилешти.

«Талкуунун жүрүшүндө аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 25 млн доллар кайтарымсыз грант жакынкы күндөрү КРга берилээри маалымдалды», – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этине коюлган баалар көзөмөлгө алынып, белгиленген баадан жогорулатпоо макулдашылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, эт саткан дүкөн ээлерине рейд жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары эт сатуучу жайларда баалар өзгөрбөйт. Кыргызстандын экономика, бизнес,

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын