Казакстан жүктөрдү өткөрбөй жатса, анда сууну бербегиле, жапкыла – депутат

Казакстан жүктөрдү өткөрбөй жатса, анда сууну бербегиле, жапкыла – депутат

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна КРнын кошулуусу тууралуу» Мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда.

Жыйында депутаттар Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында тыгында турган, казак тарап өткөрбөй жаткан жүк ташуучу автоунаалар тууралуу маселени көтөрүштү. Депутат Дастанбек Жумабеков унаалар эмне үчүн кезек күтүп, өтө албай турушканына, көйгөй эмнеде экенине кызыкты.

Транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев: «Биздин министрлик тарабынан маселе жок, көмүскө экономика деген эле маселени угуп атабыз, так билбейбиз», – деген жообун берди.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев Транспорт министрлигине Казакстан башка конвенцияларга киргенинин карап көрүүнү жана ага жараша дооматтарды айтууну сунуштады.

«Бул маселе жакынкы арада чечилбейт, алардын саясаты башка. Анда сууну бербегиле, токтоткула, жапкыла. Биз деле өзүбүздү көрсөтөлү», – деди Маматалиев.

Эскерте кетсек, Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы көзөмөлдү кайрадан күчөтөрүн Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик киреше комитети билдирген болчу.

Казак бийлигинин маалыматына караганда, көзөмөл начарлагандыктан, Кыргызстандын айрым ишкерлери мурдагы келишимдерден пайдаланып, Казакстанга декларацияланбаган, контрафакттык товарларды алып киришкен. Мыйзам бузуулар олуттуу түрдө көбөйүп, КРдан Россияга Казакстан аркылуу өтүш керек болгон майнинг техникасын жана электрондук тамекилерди ташып келүү фактылары көбөйүп кеткени байкалган.

Натыйжада, көзөмөл күчөп кыргыз-казак чек арасындагы Кең-Булуң өткөрмө бекетине жакын жерде 100гө жакын жүк ташуучу унаалар өтпөй туруп калган.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Конвенциянын кошумча протоколу жүктөрдү эл аралык автотранспорттук ташуу келишиминин тараптарына электрондук түрдө (e-CMR) жол баракчасын түзүүгө юридикалык мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этине коюлган баалар көзөмөлгө алынып, белгиленген баадан жогорулатпоо макулдашылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, эт саткан дүкөн ээлерине рейд жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары эт сатуучу жайларда баалар өзгөрбөйт. Кыргызстандын экономика, бизнес,

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын