«Керемет Банк» каалоочуларга 8% менен 25 жылга чейин ипотекалык кредит берет

«Керемет Банк» каалоочуларга 8% менен 25 жылга чейин ипотекалык кредит берет

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) «Керемет Банк» ААКсы менен биргеликте КРнын турак жай программаларын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу боюнча Башкы келишимге кол коюшту. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматы билдирди.

Макулдашуунун алкагында кызматташуунун негизги багыты өлкөнүн жарандарына үлүштүк курулушка катышуу үчүн ипотекалык насыя берүү аркылуу турак жай программаларын ишке ашырууга курулуш компанияларын тартуу болуп саналат.

Үлүштүк курулушка байланыштуу тобокелдиктерди четтетүү максатында «Керемет Банк» ААК жакын арада курулуш компанияларынын арасында аккредитация өткөрөт. Аккредитациянын жыйынтыгы боюнча банк менен кызматташуу үчүн курулуш компаниялар тандалып алынат.

Натыйжада өлкөнүн жарандары (Турак жай программаларынын катышуучулары) аккредитация алган курулуш компанияларынан курулуп жаткан турак жайларды сатып алуу үчүн ипотекалык насыя ала алышат.

  • Үлүштүк курулушка катышуу үчүн ипотекалык кредиттер турак жай программаларын тандоонун негизги критерийлерине жооп берген өлкөнүн бардык жарандарына (иштеген чөйрөсүнө карабастан) жеткиликтүү болот.
  • Негизги тандоо шарттары: жылдык 8%, 25 жылга чейин, сатып алынган турак жайдын наркынын 20%дан кем эмес баштапкы төлөм.

Ошону менен бирге, курулуш компаниялары курулуш аяктагандан кийин турак жай программасынын катышуучуларын толук даяр болгон шартта турак жай менен камсыздайт, бул жарандарга ремонт иштеринде акчаны жана убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

«Турак жай программасына курулуш секторун тартуу өлкөнүн жалпы турак жай фондун көбөйтүүгө түрткү берет, ошондой эле жаңы турак жайларды сатып алуу жагынан калкты стимулдаштыруунун кошумча рычагы болот», – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этине коюлган баалар көзөмөлгө алынып, белгиленген баадан жогорулатпоо макулдашылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, эт саткан дүкөн ээлерине рейд жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары эт сатуучу жайларда баалар өзгөрбөйт. Кыргызстандын экономика, бизнес,

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын