«Кыргызтелекомдун» директорлор кеңешинин жаңы курамы түзүлдү

«Кыргызтелекомдун» директорлор кеңешинин жаңы курамы түзүлдү

«Кыргызтелеком» ААКтын директорлор кеңешинин жана текшерүү комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан (КФБ) билдиришти.

«Кыргызтелеком» ААК 2022-жылдын 29-апрелиндеги мекеменин акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгында Асылбеков Атай Ибраимбековичтин (директорлор кеңешинин мүчөсү), Сабыралиев Нурдина Күмөновичтин (директорлор кеңешинин мүчөсү), Бекишова Үсөнаалы Дуйшенаалиевич – директорлор кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганын билдирген.

Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп: Асылбеков Атай Ибраимбекович (директорлор кеңешинин мүчөсү), Жолдошов Улан Болотович (директорлор кеңешинин мүчөсү), Сулайманов Дамир Токтобаевич (директорлор кеңешинин мүчөсү), Ахматов Жеңишбек Аманбекович (директорлор кеңешинин мүчөсү), Бекишов Үсөнаалы Дуйшенаалиевич – директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланышты.

Ошондой эле коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана төрагасынын: Жумабаев Омурзак Тагайбекович, Мамбетов Асейин Сабатбекович, Молдобеков Камбарбек Амантуровичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Коомдун текшерүү комиссиясына мүчө жана төрага болуп, Кыдыралиев Жыргалбек Асыпбекович, Мамбетов Асейин Сабатбекович, Молдобеков Камбарбек Атурович дайындалды.

  • Эскерте кетсек, «Кыргызтелеком» ААК – мамлекеттик бийлик органдарын жана башкармалыктарды, чарбалык субъекттерди, юридикалык жана жеке жактарды КРнын аймагында телекоммуникациялык кызматтар менен камсыздайт. Менчиктик түзүмү боюнча, мамлекеттин үлүшү – 77.84 %, Социалдык Фонд – 12.51 %, жеке жана юридикалык жактар – 9.65 %.

Мындан тышкары окуңуз

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этине коюлган баалар көзөмөлгө алынып, белгиленген баадан жогорулатпоо макулдашылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, эт саткан дүкөн ээлерине рейд жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары эт сатуучу жайларда баалар өзгөрбөйт. Кыргызстандын экономика, бизнес,

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын