Temirov Live: Ташиевдердин компаниясы 4 жылда 58 млн сомдук тендерлерди уткан

Temirov Live: Ташиевдердин компаниясы 4 жылда 58 млн сомдук тендерлерди уткан

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Казыбек Ташиевге 2020-жылга чейин таандык болгон «Томас и Ко» компаниясы 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы суммасы 58 млн сомго чукул тендерди утканы аныкталгандыгы тууралуу журналисттик иликтөө Temirov Live’дын Ютуб каналында 10-майда жарыяланды. Kloop порталынын редакциясы иликтөөнүн тексттик версиясын чыгарды жана ал төмөндө берилет.

«Томас и Ко» компаниясы Мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтына 2015-жылы катталып, бир жылдан кийин тендерлерди утуп баштайт. Күйүүчү май негизинен Жалал-Абад облусунун аймагындагы мамлекеттик ишканаларга сатылган.

Журналисттердин маалыматына ылайык, «Томас и Ко» жүздөгөн лотторду утуп, жалпысынан 58 млн сомго жакын суммада күйүүчү май жеткирген.

Маселен, Камчыбек Ташиевдин кичи мекени болгон Сузак районунун Барпы айылында компания айыл өкмөт жарыялаган 553 миң сомдук тендерди уткан. Бул учурда Ташиевдин өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев Барпы айыл өкмөтүн жетектеп турган.

Ошондой эле «Томас и Ко» 2020-жылга чейин №30 жол-эксплуатациялык мекемесине 15 млн сомдон ашуун тендерин уткан.

Казыбек Ташиевдердин бир тууганы Шайырбек Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат болуп турган кезде «Томас и Ко» шаардык мэрия менен шаардык кеңешке 1.5 млн сомго күйүүчү май саткан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, 2016-2020-жылдар аралыгында компания төмөнкү суммадагы тендерлерди уткан:

  • Жалал -Абад шаардык кеңештин депутаттарынан 135 миң сом
  • Жалал-Абад шаардык мэриясынан 283 миң сом
  • Жалал-Абад суу түтүк-канализация чарба башкармалыгынан 477 миң сом
  • Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынан 313 миң сом
  • Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинен 244 миң сом
  • Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынан 120 миң сом
  • Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынан 16 миң сом уткан.

Журналисттер Камчыбек Ташиев 2014-жылы «Азаттыктын» эфиринен кийин «Томас и Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн катарында болбосо да компания ага таандык экенин мойнуна алганын эске салышты.

Temirov Live Ташиевдин үй-бүлөсүнө караштуу компаниялар тендерлерди утуп алганы тууралуу буга чейин иликтөө жарыялаган. Анда Ташиевдин уулу Тай-Мурас негиздеген «Мокка Групп» компаниясынын тендерлери тууралуу айтылган. Компания Мамлекеттик сатып алуулар сайтында 2022-жылдын 31-январында катталып, ал эми жаз айларында Жалал-Абаддагы мамлекеттик ишканаларга бензин жеткирүү боюнча тендерлерди утуп баштаган.

Аталган компания 3–мартта жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына дээлик 200 миң сомго бензин жеткирүү боюнча тендерин утуп алган.

Компания дээрлик 50 миң сомго бензин сатып алуу боюнча экинчи тендерди 2022-жылдын 8-апрелинде утуп алган — аны Жалал-Абад шаардык кеңеши жарыялаган.

Ошондой эле компания үчүнчү ирет ушуга окшогон 100 миң сомдун тегерегиндеги тендерди жеңип, эми Жалал-Абад мэриясына бензин жеткирип бериши керек. Бирок бул тендер боюнча келишим түзүлө элек. Аны менен бирге журналисттер белгилегендей, баардык тендерлерде «Мока Групп» компаниясы жалгыз катышуучу болуп келген.

Мындан сырткары журналисттер 2022-жылдын апрель айында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин үч күн өтпөй депутат Шайырбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Элмирбек Кыдыршаев тендерлерге катышуу ниетин билдирип, Мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталганын аныкташкан.

Иликтөөлөрдөн кийин Болот Темиров ага карата дагы үч жаңы кылмыш иши козголгонун билдирген. Темиров «Документтерди жасалмалоо» жана «Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен шектелип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өткөн ишембиликте 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Бишкекте өткөн ишембиликте 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

25-апрелде өткөн жалпы шаардык ишембиликке 36 миңден ашык шаар тургуну катышты. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында 230 тоннадан ашык таштанды жыйналып, ошондой эле 48 чакырымдан ашуун ирригациялык тармактар тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымтка карганда, санитардык тазалоо иштери короолордо, парктарда, скверлерде жана социалдык объекттердин айланасын камтыды. Айрыкча ирригациялык

Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду

Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду

Бүгүн 26-апрелде  Ош шаарында Х.Абдуллаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаар тргундары катышты. Жүргүзүлгөн иштерди натыйжасында жол толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Долбоордун жалпы наркы 34

Гумандуулуктун экономикасы: Бишкекте жаныбарларды жок кылуудан баш тартуу канчага турат

Гумандуулуктун экономикасы: Бишкекте жаныбарларды жок кылуудан баш тартуу канчага турат

Жаныбарлар цивилизациянын шериктери болуп саналат. Иттер менен мышыктар илгертен бери адамдар менен бирге жашап келишкен. Коом өнүккөн сайын кээ бир ит-мышыктар үйгө шерик болуп калышса, айрымдары башка тагдырга туш болушкан. Кыргызстанда шаарлар өскөн сайын жолбун жаныбарлардын көйгөйү курчуп баратат. Шаар тургундарынын көбү аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканын жакшы билишет, бирок

Адылбек Касымалиев статистика кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады

Адылбек Касымалиев статистика кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады

26-апрель, КРнын статистика органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы. Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев — кыргыз статистикасынын 100 жылдыгы менен аталган мекеменин окүлдөрүн куттуктады. Кабминдин төрагасынын куттуктоосунда акыркы бир кылым ичинде улуттук статистика татаал, бирок татыктуу өнүгүү жолун басып өткөнүн белгилеп, бүгүнкү күнгө чейинки социалдык-экономикалык процесстерди чагылдырган маанилүү система