УКМК Ширшовду коррупцияга шектүү деп камаса, президент ага кылмыш иши козголбогонун жана аны өзү чакырганын билдирди

УКМК Ширшовду коррупцияга шектүү деп камаса, президент ага кылмыш иши козголбогонун жана аны өзү чакырганын билдирди

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы, кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгарууну уюштурган, 56 кымбат баалуу батирлер жана 27 коттеджди жеке менчикке мыйзамсыз өткөргөн Алексей Ширшов тууралуу пикирин жазды.

«Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. «Мен Максим Бакиевдин 200 млн доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?» деп суранып жатат дешти. «Ал издөөдө да, кантип кабыл алам» дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо Баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине «2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!» деп тапшырма бердим.

Жыйынтыгында, баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. «Анда келе берсин, кабыл алам» деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек, кабыл алсам болот да», – деди президент.

Ошондой эле Жапаров ошол эле күнү 200 млн долларды кайтаруу боюнча иш башталганын, бүгүнкү күнгө чейин 60-70% иштер бүтүп калганын кошумчалады.

«Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4.5 млн доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн. Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде «Аврора плюс» пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттедждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алуу тапшырмасын бердим.

Бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат. Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар.

Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөндөрү менен жарыялап, сотко жиберет. Чондор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек. Ширшовдун өзүнө тиешелүү «Дастан» корпорациясын мамлекетке 100% өткөрүп алганыбыз. Бүгүнкү күндө ал мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат. Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз», – деди Жапаров.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-майда эле УКМК мурдагы президент Курманбек Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн жакын адамы Алексей Ширшовду коррупцияга шектүү деп, буга тергөөдөгү далилдер бар экенин айтып, камаганын билдирген болчу. Ал эми бүгүн болсо, Садыр Жапаров ага эч кандай иш козголбогонун айтып чыкты.

Ошондой эле буга чейинки ЖМКдагы маалыматтарга таянсак, Ширшов Кыргызстанга жеке самолету менен бир канча жолу келип жүргөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group&

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Тамчылатып сугарууга 7 жылга чейин жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар 2% менен насыя ала алышат. Бул

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто эттин баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этине коюлган баалар көзөмөлгө алынып, белгиленген баадан жогорулатпоо макулдашылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, эт саткан дүкөн ээлерине рейд жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды. Мэриянын маалыматына караганда, мындан ары эт сатуучу жайларда баалар өзгөрбөйт. Кыргызстандын экономика, бизнес,

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын