Айыл чарба министрлиги 17.6 млн сомду «жеп койгон» – аудиттин жыйынтыгы

Айыл чарба министрлиги 17.6 млн сомду «жеп койгон» – аудиттин жыйынтыгы

Эсептөө палатасынын кезектеги жыйынында 2020-жылдагы Айыл чарба министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет бекитилгенин палатанын маалымат кызматы билдирди.

Аудиттин материалдарында айтылгандай, жалпы суммасы 17 млн 553.2 миң сомдук каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен эң негизгилери:

  • эмгек акы төлөөдө кетирилген каржылык тартип бузуулардын суммасы – 11 млн 929.6 миң сом
  • эсептен жашырылган дебитордук карыздын суммасы – 502.7 миң сомду түзгөн.

Мындан тышкары, 693.3 миң сомдук негизсиз пайдаланылган ашыкча күйүүчү-майлоочу материалдардын суммасы аныкталган. Бул негизсиз пайдаланылган КММнын басымдуу көпчүлүгү министрликтин жетекчилиги тарабынан пайдаланылган.

Мамлекеттик сатып алууда процедуралык кемчиликтер көп орун алган жана сатып алууда конкурс өткөрүлбөстөн, 928.2 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктар сатылып алынган.  

Министрликтин борбордук аппаратына жана ага караштуу мекемелерге, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин балансындагы жалпы суммасы 2 млн 983.8 миң сомдук 5 даана атайын техникалар максатсыз пайдаланууга жол берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн каржы бузуулардын ичинен 246.3 миң сому гана аудит учурунда бюджетке кайтарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев 94 жыл мурда курулган тез жардам борборунун имаратындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы тез жардам борбору бардык заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болот. Анда медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар чакан жана орто ишкерликти

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн: