Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоого даяр. Шарттары

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоого даяр. Шарттары

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоого арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун төрагасы Темирбек Эркинов билдирди.

Эркинов инвестициялык долбоорлорду каржылоонун пайыздык чени 1.5%дан 7.25%га чейин экенин белгиледи. Төмөн пайыздык чен төрт критерий менен каралат:

  • Кыргызстандын экономикасына салым кошуу
  • Венгрия тарап менен кызматташуу (товар, жабдык алуу)
  • долбоордун узактыгы жана маанилүүлүгү
  • күрөө.

Каржылоонун мөөнөтү 10 жыл жана насыянын максималдуу өлчөмү 5 млн доллардан (бир насыя алуучуга) ашпоого тийиш. Учурда уставдык капиталдын өлчөмү 16 млн долларды түзөт.

«Аны алдыда 50 млн долларга жеткирүүнү пландап жатабыз. Насыяларды берүүдө кичи ГЭС, айыл чарба тармагына: асыл тукум мал, бал жана балык тармагына артыкчылык берилет», – деди ал.

Ошондой эле фонддун төрагасы арыз берүүчүлөрдүн туруктуу финансылык абалга ээ болуусу, ишкердик репутациясы, канааттандырарлык насыялык тарыхка ээ болуусу, салык, соцкамсыздоо жана башка төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу сыяктуу абалдарына көңүл бурулаарын кошумчалады.

  • Венгриядан алган жабдуулар же кызмат көрсөтүүлөр долбоордун минималдуу үлүшү 30%дан кем болбошу керек
  • Инвестициялык долбоордун ээсинин баштапкы төлөмү жалпы сумманын 15%дан кем эмес, ал эми долбоорду каржылоодо 30%дан кем эмес өлчөмдө болуусу зарыл.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койгон.

Фонд өз ишин 2021-жылдын 5-ноябрь айынан баштаган. Фонддун Кеңешине кыргыз тараптан 3 өкүл жана венгер тараптан 2 өкүл кирет. Анын уставдык капиталы 16 млн долларды түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 млн долларга чейин көбөйтүү ниетинде.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Н.Букуев Бакытбек Кадыралиевдин ордуна дайындалды. Букуев мурдаУлуттук окология жана гематология борборун жетектеп келген. Эске салсак, Нурбек Букуев Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Медет Букуевдин баласы.  Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө