Кыргызстандын сүт рыногундагы негизги көйгөйлөр айтылды – чакан көлөм, талаптарга жооп бербейт

Кыргызстандын сүт рыногундагы негизги көйгөйлөр айтылды – чакан көлөм, талаптарга жооп бербейт

10-майда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сүт рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында чийки сүттү өндүрүү, аны малчылардан сатып алуудан баштап жана сүт өндүрүүчүлөр тарабынан кайра иштетүүгө чейинки чынжырча, көйгөйлүү маселелер, ошондой эле аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Сүт рыногунун негизги көйгөйлөрү катары аны чогултууда чакан көлөм, мамлекеттик стандарттардын сакталбагандыгы, техникалык шарттардын талаптарын сактабоо, сүттүн сапатын, майлуулугун аныктоодо сүт заводдорунун начар жабдылышы айтылды.

«Сүттүн баасынын абалы сезондук мүнөзгө ээ жана көп жылдар бою жазында кайталанат. Бирок дайыма эле бул көйгөй чечилбей калып келет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын отурумунун жыйынтыгында, бир катар сунуштар даярдалып, Экономика министрлигине жөнөтүлдү», – деп билдиришти агенттиктен.

Чогулушка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын – Экономика жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле рыноктун түздөн-түз катышуучуларынын  – чийки сүттү кайра иштетүүчү заводдор, ошондой эле малчылар жана фермерлер катышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Н.Букуев Бакытбек Кадыралиевдин ордуна дайындалды. Букуев мурдаУлуттук окология жана гематология борборун жетектеп келген. Эске салсак, Нурбек Букуев Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Медет Букуевдин баласы.  Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө