Май айындагы селдин кесепетинин зыяны 90 млн сом деп бааланды

Май айындагы селдин кесепетинин зыяны 90 млн сом деп бааланды

Үстүбүздөгү жылдын май айында болуп өткөн табигый кырсыктардан, акыркы мезгилдеги селден келген чыгым 90 млн сомду түзөт. Бул тууралуу кечээ, 11-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Жыйында баяндама жасаган Шамырканов Сузак районунун Атабеков, Барпы, Сузак айыл аймактарындагы жүргөн селден улам жалпы 907 турак үй жабыркап, 23 үй авариялык абалга келгенин жана 12 социалдык объектини сел каптаганын, мындан тышкары, 3 ички чарбалык көпүрө, 210 гектар айдоо аянты, 16 миң метрден ашуу ички чарбалык жол жана 6300 метр арык бузулганын билдирди.

Алдын-ала эсептөөлөргө таянсак, Сузак районунда жүргөн селдин кесепети 68 млн 470 миң 500 сомду түзсө, чыгымдын көлөмү Алай районунда 5 млн 747 миң сом, Ноокат районунда 10 млн 348 миң сом, Лейлек районунда 241 миң 988 сом, Кадамжай районунда 3 млн 201 миң сом, Кара-Буура районунда 611 миң сом, Бакай-Ата районунда 241 миң 576 сомдук зыян алып келди», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Ала-Бука – Кербен жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунда асфальт төшөө иштери кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун сапатын жакшыртуу жана кыймылдын

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Н.Букуев Бакытбек Кадыралиевдин ордуна дайындалды. Букуев мурдаУлуттук окология жана гематология борборун жетектеп келген. Эске салсак, Нурбек Букуев Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Медет Букуевдин баласы.  Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө