3 күн катар туруксуз аба ырайы күтүлөт. Сел жүрүшү мүмкүн

3 күн катар туруксуз аба ырайы күтүлөт. Сел жүрүшү мүмкүн

Гидрометеорологиялык кызматы өлкө аймагында 13-майда жана 14-15-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүп жатканын билдирди.

Катуу жааган жаан-чачындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күтүлүүдө.

ӨКМ кооптуулуктун алдын алуу максатында райондордо, айылдарда сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу, ошондой эле селдин алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

Белгилей кетсек, май айынын алгачкы күндөрү өлкө аймагында жаз-жай мезгилине мүнөздүү болгон катуу жаан-чачын өзгөчө кырдаалдарды жараткан. Жыйынтыгында Сузак районунун Атабеков, Барпы, Сузак айыл аймактарындагы жүргөн селден улам жалпы 907 турак үй жабыркап, 23 үй авариялык абалга келген жана 12 социалдык объектини сел каптаган, мындан тышкары, 3 ички чарбалык көпүрө, 210 гектар айдоо аянты, 16 миң метрден ашуу ички чарбалык жол жана 6300 метр арык бузулган.

Акыркы селден келген чыгым 90 млн сом деп бааланды.

Кошумча окуңуз: ӨКМ Кыргызстанда кандай кооптуу жерлер бар экенин билбейт. Бирок жылына 5 млрд сом керек экенин так билет

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аппараттык жыйын өтүп, анда өлкөдөгү автомобиль жолдорунун абалы, күз-кыш мезгилине даярдык жана жол оңдоо иштеринин жүрүшү талкууланды. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Талантбек Солтобаев кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыз кылуу үчүн даярдык иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Тиешелүү жетекчилерге кышка керектүү туз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң