Өлкөдө 453 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү
2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоочулук тармактарынын дүң продукциясынын көлөмү 453,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен билдирди.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7%га көп. Өсүш негизинен мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарындагы өндүрүштүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыз болду.
Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгы 4%га өстү. Анын ичинде эт өндүрүү 4,1%га, сүт 2,3%га көбөйдү. Ал эми жумуртка өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,8%га жогорулады. Жүн өндүрүү 0,5%га өскөн.
Өсүмдүк өстүрүү тармагында да өсүш байкалды. Бул багыттагы өндүрүш 5,5%га көбөйгөн. Айрыкча дан өсүмдүктөрүн жыйноодо жогорку көрсөткүчтөр катталып, арпа өндүрүү 45,3%га, буудай 44,9%га өстү.
Мындан тышкары, мөмө-жемиш өндүрүү 2,9%га, картошка 4,5%га жана кант кызылчасы 7,5%га көбөйгөн.
Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүшүнүн ички дүң продукциянын өсүшүнө кошкон салымы 0,44 %дык пунктту түздү. Ал эми ИДПнын түзүмүндөгү айыл чарбасынын үлүшү 8,4% болду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу