Ширшовдун келиши менен «Дастан», MegaCom, «Кыргызтелеком» жана «Евразия сактык банкы» Санариптик министрлигине өттү

Ширшовдун келиши менен «Дастан», MegaCom, «Кыргызтелеком» жана «Евразия сактык банкы» Санариптик министрлигине өттү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик мүлк фондунун ордуна «ТНК Дастан» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom уюлдук оператору), «Кыргызтелеком» ААК жана «Евразия сактык банкы» ААКсынын акционери болду.

Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функцияларын бул ишканалардын акционерлерине берүү жөнүндө чечимди минкабдын 10-майдагы токтомуна ылайык, министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кабыл алды.

Буга чейин бул компаниялардын мамлекеттик акционери катары Мамлекеттик мүлк фонду иштеп келген. Бирок Акылбек Жапаров кол койгон токтомго ылайык, аталган «компаниялардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу» максатында компаниялар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин көзөмөлүнө өттү.


Белгилей кетсек, ири мамлекеттик ишканалардын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү чечими «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кабыл алынды. Эскерте кетсек, УКМК аны жарым суткага камакка алып, бирок кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарып жиберген болчу.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун жеке айдоочусу болуп иштеген.

Эки күн мурда, 11-майда Kaktus.media өз булактарына таянып, Ширшов Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жана Нурлан Байымбетов аттуу бир адам менен чогуу саат 17:00дөр чамасында «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин кабинетинде чогулганын жана ал жердей эки сааттай баарлашканын жазган эле. Kaktus.media порталынын журналисти Ширшовдун Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен «Дастан» ишканасынын аймагынан чыгып баратканына да күбө болгон.

Президент Садыр Жапаров Ширшовдун Кыргызстанга кайра кайтып келишин Максим Бакиевдин эсебиндеги 200 млн долларды кайтарып берүүгө жардам берери менен түшүндүргөн жана аны өзү кабыл алганын да айткан. Кыргызстан Бириккен демократиялык кыймылы мамлекет башчы мындай аракеттери менен коомчулукту адаштырышы мүмкүн экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аппараттык жыйын өтүп, анда өлкөдөгү автомобиль жолдорунун абалы, күз-кыш мезгилине даярдык жана жол оңдоо иштеринин жүрүшү талкууланды. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Талантбек Солтобаев кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыз кылуу үчүн даярдык иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Тиешелүү жетекчилерге кышка керектүү туз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң