«Түндүкэлектр» карызы бар 8 миң абонентти аралыктан өчүрөт

«Түндүкэлектр» карызы бар 8 миң абонентти аралыктан өчүрөт

«Түндүкэлектр» ААК 8 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Дүйшөмбү күнү, 16-майдан тарта «Түндүкэлектр» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

«Акылдуу» эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу «Түндүкэлектр» ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.


Абоненттер эсептерин Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, «О!», «Оной» терминалдары, андан тышкары, «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук кошелектору, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» банктарынын кассалары же «Кыргызпочтасы» аркылуу төлөсө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

Бишкекте туруктуу жумушу жок 47 жаран чач тарач кесибин өздөштүрдү

2026-жылдын 7 айында борбор калаада 1114 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 986сы окуусун аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын катарында A.N.B. окуу борборунда "Кеңири профилдеги чач тарач" адистиги боюнча билим алган 47 адам бар. Бүтүрүүчүлөргө

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

Өлкөнүн айрым аймактарында дрон учурууга чектөө киргизилди

27-августтан баштап өлкөнүн бир нече аймактарында дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Маалым болгондой, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу. 27-августтан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында дрон колдонууга чектөө

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аппараттык жыйын өтүп, анда өлкөдөгү автомобиль жолдорунун абалы, күз-кыш мезгилине даярдык жана жол оңдоо иштеринин жүрүшү талкууланды. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Талантбек Солтобаев кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыз кылуу үчүн даярдык иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Тиешелүү жетекчилерге кышка керектүү туз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң