2021-жылы калктын реалдуу орточо акчалай кирешеси 6267 сомду түзгөн – бул жашоо минимумунан да төмөн

2021-жылы калктын реалдуу орточо акчалай кирешеси 6267 сомду түзгөн – бул жашоо минимумунан да төмөн

Калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери 2021-жылы айына  6 267.8 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сом болгон.

КРнын калкынын номиналдык акчалай кирешелери болсо, 2021-жылы 541.8 млрд сомду түздү. Муну менен катар 2021-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү республика боюнча 484.1 млрд сомду түзгөн жана өткөн жылга салыштырмалуу 7.1%га га өскөн.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери жалпысынан республика боюнча 2021-жылы айына 6 647.8 сомду түздү жана 2020-жылга салыштырмалуу 18.2%га өстү.

Мындан тышкары окуңуз

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Кыргыз геология кызматы жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүүнүн пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты – жер казынасын пайдаланууга укук берүү иштеринин ачык-айкындуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу административдик

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бүтпөй турган курулуш боюнча эки объектти кайрадан жеринен барып текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач мэр Орозбеков көчөсүндө жайгашкантөрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Ошондой эле шаар башчысы Байтик Баатыр көчөсүндөгү көп

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза