Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөр 12,2%га кымбаттады

Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөр 12,2%га кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылы акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары 12,2%га жогорулады. Кымбаттоо өзгөчө мейманкана жана ресторан кызматтарында байкалып, бул тармактагы баалар 24,1%га өскөн. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен кабарлады.

Билдирүүгө караганда, баалардын өсүшүнө саламаттык сактоо, эс алуу, маданий иш-чаралар жана билим берүү кызматтары да таасир эткен.

Тактап айтканда, медициналык кызматтар 10,6%га, эс алууну уюштуруу жана маданий иш-чараларды өткөрүү кызматтары 6,5%га, билим берүү кызматтары 2,8%га кымбаттаган.

Мейманкана жана ресторан кызматтарынын кымбатташына азык-түлүк, күйүүчү май, коммуналдык кызматтар жана ижара акысынын өсүшү себеп болгон. Мындан тышкары, туристтик агымдын жана коомдук тамактануу жайларына болгон суроо-талаптын жогору болушу да бааларга таасир эткен.

Ал эми маданий иш-чаралар жана эс алуу кызматтарынын кымбатташы концерттерге, көңүл ачуу жайларына болгон суроо-талаптын көбөйүшү, ошондой эле уюштуруучулардын чыгымдарынын өсүшү менен түшүндүрүлгөн.

Баалардын өсүшүн ооздуктоо максатында Министрлер кабинети 2026–2027-жылдарга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекиткен.

Мындан тышкары, Улуттук банк инфляциялык басымды азайтуу үчүн негизги пайыздык ченди 12% деңгээлинде кармап, сомдун туруктуулугун камсыздоо боюнча валюталык интервенцияларды жүргүзүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет

Аялдардын бизнесин колдоодо БУУ менен келишим түзүлдү

Папан ГЭСинде деривациялык тоннелдин 800 метри казылды

Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү

Лейлекте 100,8 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн куурап калгандыгы аныкталды