Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет
Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерди, жарнама берүүчүлөрдү тышкы жарнамаларды жайгаштырууда мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүн сактоого чакырды.
Маалыматта плакаттар, такталар, жанып туруучу таблолор жана башка техникалык каражаттар түрүндөгү тышкы көрнөк-жарнактар алгач кыргыз тилде, андан кийин расмий деп эсептелген орус тилинде кайталанып жазылышы керектиги айтылат.
Мындан тышкары дагы башка талаптар сакталууга тийиш:
- Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен сөзсүз макулдашылышы керек.
- Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу