Депутат Маматалиев инвестор казган 1 кг алтындын чыгымын эсептеп берди

Депутат Маматалиев инвестор казган 1 кг алтындын чыгымын эсептеп берди

Кечээ, 18-майда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «Жер казынасы жөнүндө», «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.

Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануу учурунда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, инвесторлор менен келип чыккан мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

«Жер казынасы жөнүндө» киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, алтындын ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө каттатуу үчүн КРнын кеминде 30%дык үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү.

Ошондой эле «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» мыйзамга өндүрүлүүчү продукцияны бөлүштүрүүгө тиешелүү өзгөртүүлөр сунушталган. Тактап айтканда, продукцияны бөлүштүрүүнүн пропорциясы – пайдалуу кендин геологиялык-экономикалык жана нарктык баасына, техникалык долбоорго, макулдашуунун техникалык-экономикалык негиздемесинин көрсөткүчтөрүнө жараша макулдашуу менен аныкталат. Мында өндүрүлгөн продукциядагы КРнын үлүшү кеминде 30%ды түзүүгө тийиш.

Жыйында башка депутат Султанбай Айжигитов кендерди иштетүүдө Кыргызстандын үлүшү 70%, инвестордун үлүшү 30% болушу керектигин белгиледи. Натыйжада, мыйзамдын демилгечиси Маматалиев менен Айжигитов кайым айтыша кетишти.

Бүгүн болсо, Марлен Маматалиев өзүнүн Facebook баракчасында алар иштеп чыккан мыйзам долбоордо эмне үчүн Кыргызстандын үлүшү 70% эмес, 30% болушу керектигин түшүндүргөн видеосун жарыялады жана инвестор казып чыккан 1 кг алтындын чыгымдарын эсептеп берди.

«1 кг алтындын баасы учурда 60 миң доллардын тегерегинде. Ошол 60 миңдин 18 миң доллары Кыргызстанга калат. Ал эми инвестор 42 миң доллар алат. Бирок ал алтын жөн эле жерде жаткан жок да. Аны чалгындоого, изилдөөгө, казууга, аффинаждык заводго алып барат, ошолордун баары биригип, анын өздүк наркы 30 миң долларды түзөт, айрым жерлерде бул 40 миң долларга чейин жетет. Инвестор 12 миң доллар таза киреше көрөт», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Кыргыз геология кызматы жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүүнүн пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты – жер казынасын пайдаланууга укук берүү иштеринин ачык-айкындуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу административдик

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бүтпөй турган курулуш боюнча эки объектти кайрадан жеринен барып текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач мэр Орозбеков көчөсүндө жайгашкантөрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Ошондой эле шаар башчысы Байтик Баатыр көчөсүндөгү көп

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза