Экономика министрлиги базарларда ККМди колдонуудан алып салуу маселесин карап жатат

Экономика министрлиги базарларда ККМди колдонуудан алып салуу маселесин карап жатат

Экономика министрлигинин жумушчу тобу базарларда контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан алып салуу маселесин кароодо. Бул тууралуу кечээ, 18-майда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомунун графигине ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап базарлар ККМ колдоно башташы керек.

«Биз базарлардагы ишкерлер менен жолугуштук, жумушчу топ түзүлүп, учурда анын ишинин алкагында базарларга өзүнчө атайын салык киргизүү маселеси каралууда.

Бул жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, бирок өзүнчө атайын салык режимин иштеп чыгууда базарлар тарабынан ККМди колдонуудан алып салуу маселеси да каралат. Бирок азырынча эч кандай чечим жок жана макулдашылгандан кийин тиешелүү маалыматты беребиз»,  – деди Ысабеков.

Мындан тышкары окуңуз

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Кыргыз геология кызматы жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүүнүн пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты – жер казынасын пайдаланууга укук берүү иштеринин ачык-айкындуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу административдик

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бүтпөй турган курулуш боюнча эки объектти кайрадан жеринен барып текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач мэр Орозбеков көчөсүндө жайгашкантөрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Ошондой эле шаар башчысы Байтик Баатыр көчөсүндөгү көп

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза