Оң рулдуу автоунааларды алып келүү боюнча мыйзам четке кагылды

Оң рулдуу автоунааларды алып келүү боюнча мыйзам четке кагылды

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзам каралып, бирок оң рулдуу автоунааларды алып келүү боюнча мыйзам четке кагылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча депутат Марлен Маматалиев баяндама жасап, рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан автотранспорт каражаттарын алып келүү маселесин, монитору бар озуп өтүү камерасын милдеттүү түрдө орнотуу аркылуу чечүү сунушталып жатканын айтты.

Өз кезегинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов оң рулдуу унаалар жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирерин жүйө келтирип, мыйзам долбооруна каршы чыкты. Жыйынтыгында, мыйзам долбоору четке кагылды.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну алып таштоону сунушташып, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышкан болчу.

Мындан тышкары окуңуз

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Геология кызматы электрондук аукциондун сынамык долбоорун ишке киргизди

Кыргыз геология кызматы жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүүнүн пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты – жер казынасын пайдаланууга укук берүү иштеринин ачык-айкындуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу административдик

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкектеги курулушу токтоп турган имараттар текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бүтпөй турган курулуш боюнча эки объектти кайрадан жеринен барып текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач мэр Орозбеков көчөсүндө жайгашкантөрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди. Ошондой эле шаар башчысы Байтик Баатыр көчөсүндөгү көп

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза