Айыл чарба министрлиги сүттүн баасын төмөндөтүүнү карап жатканын билдирди

Айыл чарба министрлиги сүттүн баасын төмөндөтүүнү карап жатканын билдирди

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Марал» радиосуна берген маегинде сүт азыктарынын кымбат болуп жатканынын себебин түшүндүрдү.

Ошондой эле Жаныбеков сүттүн өндүрүмдүүлүгү төмөн болгондугуна байланыштуу, сүттүн наркы жогору болуп, дыйкандардын тапкан кирешеси төмөн болуп жатканын айткан. Быйыл сүттүн баасы былтыркыга салыштырмалуу эки эсе жогорулады. Муну менен катар ал башка азык-түлүк да эки эсеге кымбаттаганын кошумчалады.

«Биз кайра иштетүүчүлөр менен сүйлөшүп, туура, ыңгайлуу бааны коюунун үстүндө иш алып барып жатабыз. Биринчи сапат, андан кийин баасы дээрлик макулдашууда турат. Баа туура болуш үчүн токтомго ылайык, анын майлуулугу 3.4% болуш керектигин белгилеп, ошого жараша аласыңар деп жатабыз», – деп кошумчалады министр.

Белгилей кетсек, 10-майда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сүт рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча  Экономика жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле рыноктун түздөн-түз катышуучуларынын – чийки сүттү кайра иштетүүчү заводдор, ошондой эле малчылар жана фермерлер катышкан жыйын өткөргөн.

Анда сүт рыногунун негизги көйгөйлөрү катары аны чогултууда чакан көлөм, мамлекеттик стандарттардын сакталбагандыгы, техникалык шарттардын талаптарын сактабоо, сүттүн сапатын, майлуулугун аныктоодо сүт заводдорунун начар жабдылышы айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.