Папан ГЭСинде деривациялык тоннелдин 800 метри казылды
Ош облусунун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 30 МВт болгон Папан ГЭСинин курулушунда пландалган 1,5 чакырым деривациялык тоннелдин 800 метрге жакыны казылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлады.
Курулуш иштерин "Чакан ГЭС" ААК "Кыргыз-Кытай биргелешкен гидроэнергетикалык курулуш компаниясы" ЖЧК менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында жүргүзүүдө.
Билдирүүгө караганда, учурда станциянын имараты үчүн котлован казуу иштери жана суу кабыл алуучу жапкычтын шахтасын куруу иштери катар жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, чыңалуусу 110 кВ болгон электр берүү чубалгысынын таянычтарын орнотуу иштери аяктап, суу алуу түйүнү үчүн 10 кВ чыңалуудагы убактылуу электр менен камсыздоо системасы тармакка кошулду.
Папан ГЭСи Папан суу сактагычында курулууда. Станция ишке киргизилгенден кийин жыл сайын кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздап, өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун арттырууга салым кошот.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу