БУУнун адам укуктары боюнча эксперти жакырчылыктын деңгээлин баалоо үчүн Кыргызстанга келет

БУУнун адам укуктары боюнча эксперти жакырчылыктын деңгээлин баалоо үчүн Кыргызстанга келет

Пандемия, Украинага чабуул, акча которуулардын кыскарышы, инфляция – КРнын экономикасынын төмөндөшүнө, калктын жакырчылыгынын өсүшүнө алып келет деген БУУнун адам укуктарынын маселелери боюнча атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер жакырчылыкты баалоо үчүн 23-майдан 3-июнга чейин Кыргызстанга келет.

«Акыркы он жылдыктарда Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли акырындык менен төмөндөп келген. Бирок акыркы эки жылда жакырчылыкта жашагандардын саны көбөйдү.

Өкмөт жакырчылыкты кыскартуу ишине берилген жана менин сапарым бул аракеттерди жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат», – дейт БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңеши тарабынан жакырчылык жана адам укуктары маселелери боюнча байкоо жүргүзүү, отчет берүү жана кеңеш берүү үчүн дайындалган көз карандысыз эксперт Де Шуттер.

Анын айтымында, COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасирин тийгизди. Ал жумушсуздуктун өсүшүнө жана азык-түлүктүн кымбатташына алып келди.

2020-жылы калктын төрттөн биринен көбү же 1.68 млн адам улуттук жакырчылыктын чегинде жашаган.

Ошондой эле БУУнун божомолунда, Россиянын Украинага басып киришинен улам дагы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли күчөшү күтүлүүдө. Келишпестик жана ага байланышкан санкциялар импортко жана Россияда эмгектенген мигранттардын акча которууларына көз каранды болгон Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Акча которуулардын кыскартылышы инфляциянын өсүшү менен бирге Кыргызстанда ансыз да жан багуу үчүн кыйынчылык менен бирди экинчисине араң улаштырып жаткан адамдар үчүн киреше булагын жоготуу коркунучунда турат», – дейт Де Шуттер.

Иш сапардын жүрүшүндө Атайын баяндамачы социалдык коргоо боюнча жөлөкпулдардын жетишерлик экенин жана саламаттыкты сактоо, турак жай менен камсыздалгандыгын жана билим берүү тутумдарынын сапатын изилдейт. Ал ошондой эле жакырчылыктын ченеми келишпеген  таасиринен сезгенген топтордун, анын ичинде балдардын, майыптыгы бар адамдардын жана карыялардын абалына баа берет.

Де Шуттер Бишкек шаарында, ошондой эле Нарын, Ош жана Баткен облустарында жолугушууларды өткөрөт. Ал улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги бийликтин расмий адамдары, жакырчылыкка дуушар болгон жеке адамдар жана коомчулуктар, ошондой эле эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү жана жарандык коомдун уюмдары менен жолугушат. Жолугушуулардын болжолдуу графиги бул жерде кѳрсѳтүлгѳн.

Атайын баяндамачынын иш сапары изилдөөлөргѳ жана кеңири жазуу жүзүндөгү материалдарына таянып, алдын ала  даярдалган.

Атайын баяндамачынын жыйынтыктоочу баяндамасы 2023-жылдын июнь айында БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.