Кыргызстандык Codify Lab компаниясы 5 млн долларга бааланды

Кыргызстандык Codify Lab компаниясы 5 млн долларга бааланды

Codify Lab Accelerate Prosperity уюму тарабынан 5 млн АКШ долларына бааланды жана 400 миң доллар инвестиция алышат.

Codify лабораториясынын негиздөөчүсү Динара Руслан компания мындай жыйынтыктарга эки жылдан ашык убакыттан бери келе жатканын айтты.

«Биздин Codify компаниябыз 2019-жылы Codify Teens IT-кесиптеринин академиясы катары түзүлгөн, анда мен биринчи долбоорду башкаруу программасын жазып, Фейсбуктагы пост аркылуу биринчи курстарымды ачтым. Ошондо мен 2 жылдан кийин компания 5 млн долларга бааланат деп ойлогон эмесмин, бир кезде бул жөн эле кыял болчу», – дейт Динара Руслан кубанычы менен бөлүшүп.

Codify – бул Codify Lab алкагында инновациялык продуктыларды иштеп чыгууга жана Codify Academy алкагында чоңдор менен балдарга IT кесиптерин үйрөтүүгө адистешкен IT компаниялардын тобу.

Учурда компания EdTech, HealthTech, E-Commerce тармагында инновациялык өнүмдөрдү иштеп чыгууда жана Сингапурдагы, Австралиядагы, Улуу Британиядагы кардарлар үчүн ишенимдүү техникалык өнөктөш болуп келет. Ошондой эле чоңдор жана балдар үчүн иштеп чыгуу, долбоорлорду башкаруу жана дизайн боюнча курстары бар. Мындан тышкары Кыргызстан жана Өзбекстанда IT билим берүү тармагында «Войти в IT» деп аталган масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө.

Accelerate Prosperity (AP) – бул Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (AKDN) Борбордук жана Түштүк Азиядагы жаңы глобалдык демилгеси болуп, экономикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген башталгыч ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Акыркы 5 жылдын ичинде AP 2400дөн ашык бизнес өкүлдөрүн окутууда жана консультацияда колдоо көрсөтүп, региондогу ар кандай секторлордогу ишкерлер үчүн 4.4 млн долларга жакын инновациялык каржылоону камсыз кылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.