МСК: Жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу – мыйзамдуу

МСК: Жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу – мыйзамдуу

Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу боюнча салык кызматкерлеринин аракеттери – мыйзамдуу. Бул тууралуу МСК Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаеванын президент Садыр Жапаровго салык салуу системасындагы санариптештирүү боюнча ачык кайрылуусуна жооп берди.

Эскерте кетсек, Жеткирүүчүлөр ассоциациясы Салык кызматынын санариптештирүү иштерине карабай, алар дагы деле электрондук документтердин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн талап кылып жатышканын айтып даттанган эле.

«Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактуралардын болуусун талап кылуу боюнча салык кызматкерлеринин бардык иш-аракеттери салык мыйзамдарынын чегинде жүзөгө ашырылууда.

МСК Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчисинен ЭЭФ колдонбогон ак ниетсиз товар жеткирүүчүлөрдү коргобоону, муну менен салык салуу объекттерин кыскартпоону жана ошол эле учурда салыктарды толук төлөгөн ак ниеттүү жеткирүүчүлөрдүн укуктарын бузбоону өтүнөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Салык кызматы салыкчылардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзөт.

Ошондой эле МСК эгерде мындай фактылар орун алса, Салык кызматынын борбордук аппаратына (ишеним телефону (0312) 613189) кайрылууну өтүнөт жана кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөөрүн айтат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар колдонууга милдеттүү. Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр да ЭЭФ тариздөөгө тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.