Июль айынан тартып Бишкектен Жалал-Абадга аба каттамдары күн сайын аткарылат

Ата мекендик TezJet авиакомпаниясы 1-июлдан тарта Бишкек – ​​Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча күн сайын каттамдарды аткарууну пландаштырууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын (Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору) басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат.

Бишкек – Исфана – Бишкек багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби күндөрү) аткарылат.

Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) аткарылат.

Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча каттамдар күнүнө 6 жолу аткарылууда.

«TEZ JET» авиакомпаниясы күнүнө 5 каттам аткарат. «Avia Trafic Company» авиакомпаниясы күнүнө 1 каттам аткарат. «Эйр Манас» авиакомпаниясы жумасына 3 каттам аткарат (өтүнмө каттын негизинде).

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек мэриясы жарнамаларда кыргыз тилинин талаптары сакталышы керектигин эскертет

Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөр 12,2%га кымбаттады

Аялдардын бизнесин колдоодо БУУ менен келишим түзүлдү

Папан ГЭСинде деривациялык тоннелдин 800 метри казылды

Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү