Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү

Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Ашхабад шарында Түркмөнстандын айыл чарба министри Чарыяр Четиев менен жолукту. Бул тууралу МинКабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташтыкты күчөтүүнү сүйлөштү. 

Өсүмдүк өстүрүү тармагында түркмөн тажрыйбасын колдонуу аркылуу кыргыз жеринде кургакчылыкка туруктуу жүзүм сортторун өнүктүрүү, күнөскана чарбаларын уюштуруу, мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча биргелешип изилдөө жүргүзүү сүйлөшүлдү. 

Ошондой эле, органикалык айыл чарбада — органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, органикалык продукцияны сертификациялоо жана экспорттоо, аларды кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо технологияларын жакшыртуу багытында кызматташуу каралды.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүүдө — айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчү ишканалардын катышуусунда эки тараптуу ишкер жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Акунбеков Кыргызстан жогорку сапаттагы түркмөн минералдык жер семирткичтерин өз ара пайдалуу шарттарда жана атаандаштыкка жөндөмдүү баада түз жеткирүүнү жолго коюу маселесине өзгөчө токтолду. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жигердүү өз ара аракеттенүүгө, тажрыйба алмашууга жана конкреттүү биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу макулдашылды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Папан ГЭСинде деривациялык тоннелдин 800 метри казылды

Лейлекте 100,8 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн куурап калгандыгы аныкталды

Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоого 5,5 млрд сом багытталды

DemirBank мобилдик тиркемесинде жеке ишкер катары онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди

Ошто электр жарыгын үнөмдөө үчүн чектөөлөр киргизилиши мүмкүн