Ипотекалык насыясы бар жарандар, жумушсуздар пенсияга топтолгон акчасын алдын ала алса болот

Ипотекалык насыясы бар жарандар, жумушсуздар пенсияга топтолгон акчасын алдын ала алса болот

Ипотекалык насыясы бар жарандар, жумушсуздар пенсияга топтолгон каражатын алдын ала алса болот. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин жыйынында Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөө эрележери жөнүндө чечимдин долбоору жактырылды.

Учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же кредит боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алышат. Мында камсыздандырылган адамдын, ошондой эле алардын жубайларынын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө 50 миң сомдон кем эмес өлчөмдө пенсиялык топтоо болууга тийиш.

Токтом ошондой эле пенсиялык топтоолору бар жумушсуз жарандарды социалдык жактан колдоого багытталган. Алар да бул каражаттарды жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”