Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Министр Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен таанышкан. Ошондой эле курулушчулар менен долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычы, плотинанын кирме жолунун тазаланышы жана курулуш иштери жөнүндө сүйлөшкөн.

«Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда биз болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес.

Андан сырткары, бул ГЭС менен биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө мультипликативдик натыйжага ээ болуп, мигранттар жумуш орундары менен камсыз болуп, бүтүндөй бир чоң топтун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөөрүн белгилеп кетким келет», – деди Бекмурзаев.

Эскерте кетсек, ал «Камбар Ата-1» ГЭСинин курулушу жайында башталаарын жана иштин башталышына 20 млн доллар учурда мамлекетте бар экенин айткан эле.

25-январда Кыргызстанда жана коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанда электр энергиясы масштабдуу өчүрүлгөндөн кийин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуштун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн 418 млн доллар керектелээрин, дээрлик 18.8 млн доллар капиталдык салымдарга – инфраструктураны курууга жана курулушту баштоону даярдоого каралганын айткан эле.

Кабинеттин башчысы курулуш республикалык бюджеттин жана инвестициянын эсебинен пландалып жатканын кошумчалаган. Казакстан менен Өзбекстан да долбоорго катышууга даяр экендиктерин билдиришкен. Ошондой эле Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Камбар-Ата ГЭС-1ди Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте курушу мүмкүн экендигин айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.