26-27-майда өтүүчү форумга карата Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат – тизмеси

26-27-майда өтүүчү форумга карата Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат – тизмеси

26-27-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтөт. Ага карата Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

«Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мекемесинин өкүлү Байыш Ашырбековдун айтымында, жол коопсуздугун камсыздоого 660 кызматкер жана 180 автоунаа тартылган.

Унаа жолдору болжол менен 15-20 мүнөткө убактылуу жабылып турат.

Төмөндөгү жолдор убактылуу жабылат:

  • «Манас» аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин
  • Жибек-Жолу проспектиси, Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин
  • Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин
  • Чүй проспектиси, Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин
  • Манас жана Чынгыз Айтматов проспектилери, Чүй проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейин
  • Чүй проспектиси, Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин
  • Абдрахманова көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

«Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. Жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранабыз», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.