Лейлекте 100,8 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн куурап калгандыгы аныкталды
Баткендин Лейлек районуна отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызы куурап калгандыгы аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, "Жашыл чек ара" долбоорун ишке ашырууга 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөн. Бирок долбоордо каралган иштер толук аткарылбай, көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлгөн эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу