Борбор Азия өлкөлөрүндө дүйнөдөгү шамал жана күндүн кубаттуулугунун 5% бар

Борбор Азия өлкөлөрүндө дүйнөдөгү шамал жана күндүн кубаттуулугунун 5% бар

Борбор Азия өлкөлөрүндө дүйнөдөгү шамал жана күндүн энергиясынын 5%га жакыны бар. Бул тууралуу маалымат Алматы шаарында WECOOP долбоорун ишке ашыруу тобунун өкүлдөрү тарабынан уюштурулган семинарда айтылды.

Эки күндүк семинардын жүрүшүндө Борбор Азиядан келген эксперттер, Евробиримдиктин жана эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрү күн жана шамал энергиясын өндүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча «жашыл» инвестицияларды талкуулашты.

Семинар «Европа Биримдиги – Борбордук Азия: суу ресурстары, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүүсү (WECOOP) чөйрөсүндө кызматташуу» долбоору тарабынан күн, шамал энергиясы, ошондой эле энергия өндүрүүгө багытталган чакан жана орто долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган.

«Борбордук Азия чөлкөмүндө дүйнөдөгү шамал жана күн энергиясынын 5%га жакыны бар, бул энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бирок гидроэнергетикадан тышкары, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) улуттук энергетикалык баланстардагы үлүшү Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө өтө аз. Региондун кайра жаралуучу энергиянын олуттуу потенциалы көптөгөн финансылык, техникалык жана социалдык тоскоолдуктардан улам толук пайдаланылбай жатат», – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.