Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгына карата ага Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгына карата ага Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Нарын дарыясындагы алгачкы гидро энергетикалык объекти болгон Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

«Мааракеге байланыштуу ага – энергетика тармагынын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилди. Дал ошол инсан Нарын дарыясынын гидро энергетикалык потенциалын биринчилерден болуп байкап, Кыргызстандагы энергетика тармагынын өнүгүшүнө негиз салган», – деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт. Ушул убакытка чейин анда 50 млрд киловатт сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлгөн.

Аталган ГЭСти реабилитациялоо долбоору алдыда ишке ашырылганы турат. Ал өз кезегинде ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатып, кызматынын мөөнөтүн узартып берет.

«Кыргызстандагы бул сыяктуу башка дагы ГЭСтер модернизацияланып, ошондой эле жаңылары курулат. Мындай дем менен ишенимди мага биздин энергетиктердин адискөйлүгү, өз ишине берилгендиги жана талыкпаган эмгеги берип турат», – деди өз сөзүндө иш-чарага катышкан министр.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.