Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду КРнын РЖЖТ долбоорун каржылоого 31 млн доллар берет

Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду КРнын РЖЖТ долбоорун каржылоого 31 млн доллар берет

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында, министрлер кабинети менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондусунун ортосундагы «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу» (РЖЖТ) долбоорун каржылоо боюнча Келишимдин долбоору жактырылды.

«Долбоорго 31.28 млн доллар каралган. Анын ичинен 8.25 млн доллары грант жана 23.3 млн доллары 40 жылдык мөөнөткө 0.75% менен насыя катарында келет», – деди Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов.

Долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү 6 жыл жана бул бүткүл өлкө аймагында ишке ашырылат. Долбоордун максаты – айылдык фермердик чарбалардын туруктуулугун арттыруу, кирешелерин көбөйтүү жана экономикалык өсүшүн чыңдоо аркылуу айыл жеринде жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Долбоор негизги 3 компоненттен турат:

  • токой-жайыт экосистемасын жамааттык туруктуу биргеликте башкаруу
  • тамак-аш коопсуздугун чыңдоо
  • аялдар жана жаштар үчүн климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу кошумча нарк тизмекчесин өнүктүрүү.

Долбоор болжол менен 398 миң үй чарбага жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.