Ош калкын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорго тендер июль айында гана жарыяланат – жакында чечилбейт

Ош калкын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорго тендер июль айында гана жарыяланат – жакында чечилбейт

23-майда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таза суу менен камсыздоо боюнча долбоордун тендери июль айында жарыяланаарын маалымат жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат. .

«Жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу алуучу тосмону 2.4 чакырымга жылдыруу долбоору даярдалган. Бул долбоордун алкагында азыркы «Плотина» суу тосмосунан диаметри 1000 мм болгон суу түтүгүн тартуу пландалууда.

Бул долбоор нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын учурунда жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин 75-80%га чечет. Бул долбоордун баасы 3 млн долларды түзөт, каржылык колдоону гранттык негизде Азия өнүктүрүү банкы көрсөтөт. Учурда техникалык документтер даярдалып жатат, бул иштерди аткаруу үчүн июль айында тендер жарыяланат», –деди Ош шаарынын мэри.

Эскерте кетсек, 19-майда Ош шаарынын активисттери ар жааган жамгырдан улам токтоп калган таза суунун жоктугуна нааразы болуп, акцияга чыгышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.