Өткөн жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген

2021-жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары  Жеңиш Нурбек билдирди.

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Улуттук банкынын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү чегерүүлөрдүн өлчөмүн 2021- жана 2022-жылдарга 70%дан 90%га чейин көбөйтүү жолу менен  республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү максатында иштелип чыккан.

«Маселелен, 2021-жылы Улуттук банктын таза кирешеси 9 млрд 192 млн сом болсо, анын 70%ы республикалык бюджетке которулуп, тагыраагы, 6 млрд 300 млн сом чегерилген. Эми 90% которулса, 8 млрд 100 млн сомдой каражат бюджетке түшөт», – деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

Ошондой эле ал Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана 400дөн ашуун микрокредиттик компания бар экенин маалымдады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөр 12,2%га кымбаттады

Аялдардын бизнесин колдоодо БУУ менен келишим түзүлдү

Папан ГЭСинде деривациялык тоннелдин 800 метри казылды

Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү

Лейлекте 100,8 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн куурап калгандыгы аныкталды