ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жайынын мыкты товарларынын көргөзмөсү өтүүдө (СҮРӨТ)

Бүгүн, 26-майда Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун алкагында, «Орион» мейманканасынын маңдайында ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жайынын мыкты товарларынын көргөзмөсү өтүүдө.

5 өлкө – Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Армения жана Россия өз өлкөсүндө өндүрүлгөн товарларды – азык-түлүк, айыл чарба техникалары, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн жабдууларды жана башка көптөгөн нерселерди көргөзмөгө коюшту.

Көргөзмө саат 9.00дөн кечки саат 18.00гө чейин уланат.

Сүрөт: Айыл чарба министрлигинин Facebook баракчасынан алынды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү

Лейлекте 100,8 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн куурап калгандыгы аныкталды

Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоого 5,5 млрд сом багытталды

DemirBank мобилдик тиркемесинде жеке ишкер катары онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди

Ошто электр жарыгын үнөмдөө үчүн чектөөлөр киргизилиши мүмкүн