Казак президенти Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоорун ЕАЭБге кошууну сунуштады

Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумга катышкан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоорун ЕАЭБге кошуу сунушун айтты.

Токаев форумда айтылган «Чоң Евразия» чынында эле өтө кылдат изилдөөгө жана талкуулоого татыктуу долбоор экенин жана эртеби-кечпи бул кызыктуу сунушту ишке ашыруу керектигин, анын үстүнө Россиянын президенти башка кызыкдар мамлекеттерди интеграциялык процесске тартуу боюнча рационалдуу көз карашта экенин айтты.

«Мисалы, Кытайдын «Бир жол – бир алкак» долбоору, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге кошулууга чындап кызыкдар экенин билдирген башка мамлекеттер тууралуу сөз кылууга болот», – деди ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү

Лейлекте 100,8 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн куурап калгандыгы аныкталды

Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоого 5,5 млрд сом багытталды

DemirBank мобилдик тиркемесинде жеке ишкер катары онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди

Ошто электр жарыгын үнөмдөө үчүн чектөөлөр киргизилиши мүмкүн