Казакстан менен КРнын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Казакстан менен КРнын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин КРга расмий сапарынын алкагында бүгүн, 26-майда, кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

 Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Казакстан менен КРнын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол
  2. КР министрлер кабинети менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча келишим
  3. 2006-жылдын 4-июлундагы КР өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол
  4. КР министрлер кабинети менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
  5. Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер планы
  6. КР Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  7. КР Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги жана «JOINT TECHNOLOGIES» компаниясы ортосунда «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча меморандум
  8. КРнын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстандын Жамбыл облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  9. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Түркестан облусунун акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  10. КРнын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Алматы облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол
  11. КРнын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстандын Караганда облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  12. КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Актөбө облусунун акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  13. КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Атырау облусунун акимиатынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

Мындан тышкары окуңуз

"Каракол" аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

"Каракол" аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

Бүгүн "Каракол" эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки алгачкы техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Техникалык каттам жаңыланган аэродром инфраструктурасынын ири учактарды кабыл

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюуга 1459 комбайн тартылды

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюуга 1459 комбайн тартылды

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 1459 комбайн тартылды. Техникалар түшүмдүн бышып жетилүү мөөнөтүнө жараша аймактарга бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Чүй облусундагы оруп-жыюу иштерине Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 100дөн ашык дан комбайны тартылган. Учурда облуста оруп-жыюу

Баткенде мектеп ачуу жана автобекетти ишке берүү боюнча маселелер каралды

Баткенде мектеп ачуу жана автобекетти ишке берүү боюнча маселелер каралды

Баткен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, сессияга шаардык кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов, Баткен шаарынын мэринин орун басары Алихан Ураимов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Аэропорт тилкесинде Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин каржылоосу

Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу №23, №107 жана №203 автобустарынын каттамдарынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы кыймыл чиймеси оңдоо иштери толук аяктаганга чейин күчүндө болот. Билдирүүгө караганда, жолдогу чектөөлөр 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын