Кыргызстандан Сибирге жаңы энергетикалык коридорду Казакстан аркылуу алып өтүү жолу каралууда

Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумга катышып жаткан Россиянын Энергетика министри Николай Шульгинов ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жаңы энергетикалык коридорду талкуулап жатышканын айтты.

Анын айтымында, Россиядан Кыргызстанга энергетикалык коридорду Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүү каралууда.

«Биз Кыргызстанда талкуулап баштаган, координациялык кеңешке берилген кызыктуу долбоорлордун бири – Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга узартылган линияны (түз агымдагы ток) куруу. Бул ЕАЭБдин ортосундагы электр кубатын алмашууну күчөтөт», – деди Шульгинов.

Ал эми Казакстандын Энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов Казакстан бирдиктүү энергетикалык коридор түзүү идеясын жактаганын, мартта парламент тиешелүү келишимдерди ратификациялаганын билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрү 2025-жылдын башына карата электр энергиясынын улуттук рынокторун интеграциялоо аркылуу жалпы электр энергиясынын рыногун түзүүгө ниеттенүүдө. Тажикстан да Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасына кирет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ашхабад шаарында айыл чарба тармагындагы кызматташтык сүйлөшүлдү

Лейлекте 100,8 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн куурап калгандыгы аныкталды

Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоого 5,5 млрд сом багытталды

DemirBank мобилдик тиркемесинде жеке ишкер катары онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди

Ошто электр жарыгын үнөмдөө үчүн чектөөлөр киргизилиши мүмкүн