Санариптик өнүктүрүү министрлиги ЕАӨБ менен меморандумга кол койду – максаты дата-борборлорду түзүү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги ЕАӨБ менен меморандумга кол койду – максаты дата-борборлорду түзүү

Биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында өнөктөштүк мамилелерди жана узак мөөнөттүү, эффективдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕАӨБ) ортосунда меморандумга кол коюлду.

«Меморандумдун негизги максаты – санариптик трансформация тармагындагы кызматташуу, атап айтканда, тиешелүү эсептөө ресурстары менен чоң маалыматтарды иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар аймактык деңгээлде колдонууга мүмкүн болгон дата-борборун түзүү жана ишке киргизүү», – деди Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов.

Евразия Өнүктүрүү Банкы ага мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүшүнө, алардын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана инвестициялык ишмердүүлүк аркылуу евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө багытталган эл аралык финансылык уюм болуп саналат.

Банк 2006-жылдын 12-январында кол коюлган мамлекеттер аралык келишимдин негизинде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ЕАӨБга Казакстан, Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.

Мындан тышкары окуңуз

"Каракол" аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

"Каракол" аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

Бүгүн "Каракол" эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки алгачкы техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Техникалык каттам жаңыланган аэродром инфраструктурасынын ири учактарды кабыл

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюуга 1459 комбайн тартылды

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюуга 1459 комбайн тартылды

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 1459 комбайн тартылды. Техникалар түшүмдүн бышып жетилүү мөөнөтүнө жараша аймактарга бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Чүй облусундагы оруп-жыюу иштерине Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 100дөн ашык дан комбайны тартылган. Учурда облуста оруп-жыюу

Баткенде мектеп ачуу жана автобекетти ишке берүү боюнча маселелер каралды

Баткенде мектеп ачуу жана автобекетти ишке берүү боюнча маселелер каралды

Баткен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, сессияга шаардык кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов, Баткен шаарынын мэринин орун басары Алихан Ураимов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Аэропорт тилкесинде Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин каржылоосу

Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу №23, №107 жана №203 автобустарынын каттамдарынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы кыймыл чиймеси оңдоо иштери толук аяктаганга чейин күчүндө болот. Билдирүүгө караганда, жолдогу чектөөлөр 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын