30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүгү убактылуу жабылат

30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүгү убактылуу жабылат

«Кыргыз темир жолу» МИ 30-майдан 3-июнга чейин  Бишкек – Нарын Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунуч жараткан таштарды түшүрүү жумуштары (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) жүргүзүлөөрүн маалымдайт.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин төрт балалуу келинге алимент өндүрүлүп берилгенин Акыйкатчы институтунан билдиришти. Январь айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну алимент өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. Анда ал жолдошу менен үч жыл мурда ажырашканда Кадамжай райондук соту алимент төлөөгө милдеттендиргенин айткан. Алимент ай сайын ар бир балага 3 148

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

19-февралга карата "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери активдүү жүрүүдө. Иштерди Энергетика министри Таалайбек Ибраев түздөн-түз көзөмөлгө алып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company (CNEEC). 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды. 10-февралдан

Ат-Башы районунда сапаттуу Голландия картошкалары көбөйтүлөт

Ат-Башы районунда сапаттуу Голландия картошкалары көбөйтүлөт

"Агродиалог-2026" форумунда Ат-Башы районунун дыйканы Алтынбек Айбашев картошка өстүрүү багытында туруктуу иштеп, 2023-жылдан бери Голландиядан алынып келинген супер, супер элита картошка уруктарын колдонуп, сапаттуу жана тектүү сортторду көбөйтүп жатканын билдирди. "Учурда чарбада супер, элита, супер элита категориясындагы сильвана, коломба, камелия, бедис, челенжер картошка уруктары бар. Бул уруктар

Данияр Амангельдиев: Аймактарды санарипке өткөрүү – экономикалык өсүштүн негизи

Данияр Амангельдиев: Аймактарды санарипке өткөрүү – экономикалык өсүштүн негизи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев аймактык өнүгүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана заманбап башкаруу куралдарын киргизүү маселелерине арналган тегерек столго катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу динамикасын белгилеп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык ИДПнын көлөмү 2 триллион сомго жакындап, 2022-жылга салыштырмалуу