Данияр Амангельдиев: Аймактарды санарипке өткөрүү – экономикалык өсүштүн негизи

Данияр Амангельдиев: Аймактарды санарипке өткөрүү – экономикалык өсүштүн негизи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев аймактык өнүгүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана заманбап башкаруу куралдарын киргизүү маселелерине арналган тегерек столго катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу динамикасын белгилеп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык ИДПнын көлөмү 2 триллион сомго жакындап, 2022-жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн маалымдады.

"Заманбап экономика заманбап башкарууну талап кылат. Биз пландоо, бюджеттештирүү, ишке ашыруу жана мониторингди бирдиктүү санариптик чынжыр менен жүргүзүп жатабыз. Бул процесс борбордук жана жергиликтүү деңгээлде толук интеграцияланат", — деп белгиледи Данияр Амангельдиев.

Иш-чарада "Санарип Аймак" мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутумуна өзгөчө көңүл бурулду. Система аймактарды башкаруу үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүп, ведомстволор аралык ыкчам маалымат алмашууну жана маалымат базаларын борборлоштурууну камсыз кылат.

Данияр Амангельдиев санариптик демилгелерди колдогон өнөктөштөргө — Улуу Британия Өкмөтүнө жана Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип, "Экономикалык өсүш үчүн натыйжалуу башкаруу" долбоору реформалардын темпин тездеткенин белгиледи. Ал ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин компетенциясын жогорулатуу жана бийлик деңгээлдеринин ортосунда жоопкерчиликти так бөлүштүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

"Маалыматтарга негизделген башкарууга өтүү бардык аймактарда жарандардын жашоосун сапаттуу жакшыртууга өбөлгө түзөт", — деп сөзүн жыйынтыктады Данияр Амангельдиев.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен