Доллардын курсу 84-85 сомго чейин көтөрүлдү

Доллардын курсу 84-85 сомго чейин көтөрүлдү

Бүгүн, 27-майда, жума күнү Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 84 сомду (сатып алуу) жана 85 сомду (сатуу) түздү.

Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда саат 9:30га карата доллардын курсу 84 сомду (сатып алуу) жана 85 сомдун (сатуу) тегерегинде болууда.

Коммерциялык банктарда 1 доллардын сатып алуу курсу 82.5-83 сомго чейин өзгөрүп, ал эми сатуу курсу 83.5-84 сомдун чегинде болууда.

Ал эми Улуттук банк 27-майга доллардын расмий курсун 79.50 сом деп бекитти.

Мындан тышкары окуңуз

Беш-Күңгөйдө жайытты тепсеген айдоочуларга чара көрүлдү

Беш-Күңгөйдө жайытты тепсеген айдоочуларга чара көрүлдү

Аламүдүндө жайыт жерлеринде эндуро мотоциклдерин айдап, кыртышка зыян келтирген эки жаранга жалпы 11 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, рейд жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Беш-Күңгөй айылынын үстүндөгү жайыттарда өттү. Текшерүүнү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району

Оштун бюджетине бир айда 160 млн сом кошумча киреше түштү

Оштун бюджетине бир айда 160 млн сом кошумча киреше түштү

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине үстүбүздөгү айда 160 млн сом кошумча киреше түштү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдирди. Буга чейин Президент Садыр Жапаровдун чечими менен салыктын эки түрү — бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде калтырылган. Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин айтымында, кошумча түшкөн каражаттар калаанын инфраструктурасын

Жети айда 387 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Жети айда 387 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Министрликтин маалыматына ылайык, кайрылман статусун алгандардын басымдуу бөлүгү Тажикстандан келген этникалык кыргыздар. Тактап айтканда, Тажикстандан келген 351, Өзбекстандан 16, Кытайдан 10, Россиядан 5, Ооганстандан 1 жана башка өлкөлөрдөн келген 4

Көк-Арттагы эс алуу жайларына 15 миң 500 сом айып салынды

Көк-Арттагы эс алуу жайларына 15 миң 500 сом айып салынды

Көк-Арт өрөөнүндө өткөн экологиялык рейдде 8 эс алуу жайына эскертүү каттары тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрөөндөгү эс алуу жайларында саркынды суулардын айлана-чөйрөгө агызууга, тиричилик калдыктарынын туш келди таштоого жол бербөө боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада "Бай